Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 20-22-июнунда өлкө боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 84 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтөт.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, бул күндөрү жарандар курман болгон баатырларды, фронттогу жоокерлерди жана жай тургундарды эскеришет.
Бишкектеги митинг-реквием
20-июнда саат 11:00дө Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта өтө турган эскерүү митинг-реквиеми иш-чаранын башкы окуясы болмокчу. Бул күн жыл сайын 22-июнда — Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата белгиленет.
Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, митингге аскердик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, дин кызматкерлери, согуш ардагерлери, студенттер, коомчулуктун, жаштар жана патриоттук уюмдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Программада бир мүнөт унчукпай туруу, аскердик оркестрдин аткаруусу, гүл коюу аземи, ардактуу коноктордун сөзү жана чыгармачыл номерлери камтылган.
Иш-чаранын максаты — тарыхый эстеликти сактоо, патриоттуулукка тарбиялоо жана өткөндүн кайгылуу сабактарын эске салуу.
Бүткүл республикалык "Эскерүү шамы" акциясы
Акция Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Кара-Балта, Чолпон-Ата, Кант шаарларында, ошондой эле Панфилов, Ленин, Беловодское айылдарында өтөт. Жарандар согушта курман болгон баатырларды эскерип, шам жагышат. Акциянын алкагында шамдардан жасалган "оттуу сүрөттөр" жана чыгармачыл иш-чаралар болот.
Негизги аянтчалар:
- 20-июнь, Каракол — 20:30, Жеңиш паркы
- 21-июнь, Бишкек — 20:00, Жеңиш аянты
- Ош — 20:00, "Өчпөс от" мемориалы
- Жалал-Абад — 19:30, Жеңиш паркы
- Кант — саат 18:00дөн баштап, МИС паркы , Тагаева 2 көчөсү. (сүрөт конкурсу, 19:30да митинг-реквием)
- Панфилов айылы — 19:30, И.В. Панфиловдун эстелиги
- 22-июнь, Кара-Балта — 18:00, Жеңиш стеласы, Оторбаевдин кварталы
- Чолпон-Ата — 20:00,Советская көчөсү , Magic парк, Советтик жоокерлердин эстелиги
- Ленин айылы — 20:00, айылдаш жоокерлердин эстелиги
- Беловодское айылы — күнү жана убактысы такталууда
Белгилей кетсек, иш-чара"Кыргызстандагы Жеңиш ыктыярчылары", ардагерлер жана жаштар бирикмелери, Бишкектеги Орус үйү, "Евразия. Кыргызстан" коомдук фонду, мамлекеттик органдардын колдоосу менен уюштурулууда.
Ар бир шам — эскерүүнүн жана ыраазычылыктын символу. Кошулуңуз!
Материалды даярдаган Бермет Жумабекова