Эсиң болсо, эчки бак: Эки жылда бир короо эчки күткөн айым

Аймак Загрузка... 12 Февраль 2026 10:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургуну Махабат Токонова төрт баласын жалгыз багып келет. Күйөөсү 2010-жылы үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Каарманыбыз он алты жыл ичинде төрт уулун бутка тургузам деп көрбөгөн кыйынчылыгы калган эмес. 2020-жылы COVID-19 оорусу өөрчүшүп турган кезде Россияга барган. Ал жакта ашканадан жумуш таап, бирок көпкө иштеген эмес. Миграцияда жүргөн кезде ооруга чалдыгып, мекенине кайтууга аргасыз болгон. Учурда айылдын четиндеги кашарда ата-энеси менен бирге турат.

"Тырмышып, балдар менен оокат кылып келе жатам. Улуусу жыйырма беште, андан кийинкилери эгиздер. Алар он тогуз жашта. Кичүү уулум мектепте окуйт. Ата-энем менен бирге тургандыктанбы же эмне себептен экенин билбейм, айтор чоң уулдарыма жөлөк пул бербей коюшкан. Кичүү уулум он төрт жашка чыкканда гана пособие чегерип беришти. Айына 1200 сом алат элем. Бирок ал эч нерсеге жетчү эмес", - деди Токонова.

WhatsApp Image 2026-02-12 at 10.00.10.jpeg

Махабат Токонова 2023-жылы социалдык келишим тууралуу маалымат угуп, дароо кызыкканын айтат. Тийиштүү документтерин өткөзүп, көп өтпөй эле 100 миң сом колуна тийген. Ага 13 баш эчки жана 22 улак алган. Учурда короосунда 80ге чукул эчки-кой бар.

"Былтыр дагы төлдү жакшы алдык. Эркек эчкилерди сатып кой кылдык. Азыркы убакта короодо 67 эчки жана 10 кой бар. Эчки баккан жакшы экен. Төлдү көп берет. Жүнү баа. Былтыркы тыбыттын акчасы 30 миң сом болду. Ал деле бир топ керекке жарап берет. Мисалы жем, чөп алдык", - деди ал.

WhatsApp Image 2026-02-12 at 10.00.11.jpeg

Каарманыбызды ата-энеси жөлөп-таяп келет. Алар пенсиядагы адамдар. Үй бүлөнүн бир гектар жери бар. Ага буудай, арпа эгип, малдын тоютун камдап алышат.

"Азыркы учурда Бишкекте жашап жатам. Суукка чыкканга болбойт. Көп бассам, жан чыдатпай бутум ооруйт. Мага керек даары Кыргызстанда жок экен. Баасы да кымбат. Ошол себептен толук дарылана албай жатам. Бирок дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндөмүн. Социалдык контракт быйыл күз айларында аяктайт. Ушул жылдан баштап 150 миң берилет деп угуп жатам. Мүмкүн болсо дагы келишим түзөт элем", - деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.

WhatsApp Image 2026-02-12 at 10.00.10 (1).jpeg

Жалгыз бой эненин учурда эки гана тилеги бар. Биринчиси - ден соолугун калыбына келтирүү, экинчиси - үстүнө үй алуу.