Эсептик чен 12 пайызга жогорулады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү

Экономика Загрузка... 17 Март 2026 15:40
copyright icon Улуттук банк

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын 23-февралынан тарта эсептик ченди 11 пайыздан 12 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам өлкөдөгү баалардын туруктуулугун сактоо жана экономикалык тобокелдиктердин алдын алуу максатында жасалды.

"Мындай чечим тышкы факторлордун таасиринен улам баалардын кескин өсүп кетишине жол бербөө жана соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаалдын Кыргызстанга болгон терс таасирин басаңдатуу үчүн кабыл алынды", — деди ал.

Ал белгилегендей, Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык көрсөткүчтөргө терең анализ жүргүзгөндөн кийин ушундай чечимге келген.

"Бул узак мөөнөттүү келечекте экономиканын туруктуу өсүшүнө оң таасирин тийгизет", – деп кошумчалады Айнура Мамбеткул кызы.