Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Эсептөө палатасынын кеңешинин жыйынында 2021–2024-жылдар аралыгындагы Конституциялык соттун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары каралды.
Мекемеден билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында Конституциялык соттун ишмердүүлүгү бардык негизги аспектилерде мыйзамдардын талаптарына шайкеш экени жана 2019–2021-жылдар аралыгында Эсептөө палатасы берген сунуштар толук аткарылганы тастыкталды. 2021–2024-жылдар үчүн Конституциялык соттун такталган сметасы 247 193,5 миң сомду түзүп, анын ичинен 236 575,9 миң сому өздөштүрүлгөн. «Эмгек акы» беренеси боюнча чыгымдар 189 304,5 миң сомду түзүп, дээрлик толугу менен аткарылган.
Ошол эле учурда аудит мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда олуттуу эмес айрым процедураларды сактабаган учурларды аныктады. Зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөр 4 079,0 миң сом өлчөмүндө толук эмес тартипте жүргүзүлүп келген, бирок 2022-жылдын 1-августунан тартып мындай төлөмдөр токтотулган. Ошондой эле, чарбалык материалдардын жана кеңсе буюмдарынын ченден ашык запастары 86,4 миң сом өлчөмүндө аныкталып, аудиттин жүрүшүндө толугу менен республикалык бюджетке кайтарылган.
"Жалпысынан алганда Конституциялык соттун ишмердүүлүгү бюджеттик каражаттарды тыкан жана ачык-айкын пайдалануунун үлгүсүн көрсөтсө да, каражаттарды пайдалануу тартибин мындан ары да өркүндөтүү сунушталды",-деп айтылат маалыматта.