Эсептөө палатасы: Былтыр 1636 мамлекеттик мекемеге аудит жүргүзүлдү

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 12:25
4405ee03-8c2a-393a-b4b5-d25fdea58e95.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Былтыр 98 аудитордук иш-чара өткөрүлүп, 1 636 мамлекеттик түзүм жана ведомстволук бөлүм текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 21 млрд 414 млн сом суммасындагы финансылык тартип бузуулар аныкталды.

“Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, жыл ичинде бул каражаттын 13 млрд 406 млн сому же 62,6%ы кайра тиешелүү бюджеттерге калыбына келтирилди”, - деп белгиледи Аомазбек Акматов.