Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Эсептөө палатасы Агартуу министрлигинин 2024-2025-жылдардагы бюджетинин аткарылышына жүргүздү.
Мекемеден билдиришкендей, анда бир катар финансылык бузуулар жана бюджетти башкаруудагы кемчиликтер аныкталган.
"Аудиттин жүрүшүндө бюджетти түзүү жана аткаруу, мамлекеттик мүлктү пайдалануу, эмгек акы төлөө, курулуш иштерин каржылоо, бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар катталган", - деп айтылат маалыматта.
Аудиттин жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу жана бюджетке келтирилген каражаттарды өндүрүү боюнча тиешелүү жазма буйруктар менен сунуштамаларды жөнөтүү чечими кабыл алынды.