Эсен Усубалиев: Кыргыз-тажик мамилеси Борбор Азия үчүн өзгөчө мааниге ээ

Пикир Загрузка... 08 Июль 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга мамлекеттик сапары экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин чечүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Тарых илимдеринин кандидаты, Саясий изилдөөлөр институтунун директору Эсен Усубалиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Бишкек менен Душанбе эки тараптуу мамилелерде бир топ олку-солку мезгилден кийин кырдаалды оңдоп, диалогду стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткире алды. Азыр бул бүткүл Борбор Азиянын туруктуулугунун жана өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелердин жакшырышы бүткүл Борбор Азияда жаңы шарттарды түзүүнүн негизги фактору болуп калды. СССР кулагандан бери биринчи жолу аймак достуктун, өнөктөштүктүн, кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн мейкиндигине айланды деп айта алабыз. Муну азыр соода-экономикалык, ишкердик, саясий жана башка байланыштардын акырындык менен калыбына келтирилип жатканы далилдеп турат. Ошол эле учурда эки элдин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан салттар, достук мамилелер жана ынак коңшулук мамилелер токтобой, өлкөлөр ортосундагы диалогду калыбына келтирүү сөзсүз болчу процесс экени айдан ачык эле көрсөттү”, - деп баса белгиледи Эсен Усубалиев.

17205250176037.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Анын пикиринде, кыргыз-тажик алакасы Борбор Азия үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени эки мамлекетте региондогу суу ресурстарынын негизги кору бар, жайгашкан орду Борбор Азиянын жана Евразиянын эл аралык мамилесинин жалпы системасында өзгөчө орунду ээлейт. Ал эми бул адилеттүү, өз ара пайдалуу жана сарамжалдуу өнөктөштүк үчүн өзгөчө жоопкерчиликти билдирет.

"Эки өлкөнүн ЖККУга мүчөлүгүн эске алганда, өзгөчө аймактык коопсуздук жаатындагы жалпы коркунучтар менен чакырыктардын шарттарында кыргыз-тажик мамилелери жалпы коопсуздук мейкиндигинин контекстинде дагы чоң мааниге ээ болууда. Мындан тышкары, учурда Евразияда коопсуздуктун жаңы архитектурасын активдүү талкуулоо жүрүп жатат, анда ЖККУ өзгөчө ролду ойнойт. Жалпысынан кыргыз-тажик диалогун экономика, соода, транспорт жана коммуникация, суу ресурстары жана коопсуздук жаатында бекемдөө бүгүнкү күндө аймактын келечеги үчүн негизги мааниге ээ болууда”, - деп белгиледи ал.