Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Орто-Сай – Флагшток унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жол мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жаңыланууда.
Учурда №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2,6 чакырым аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө. Аны менен катар тротуар салуу иштери жүргүзүлүп жатат. Алдыда асфальттын экинчи катмары төшөлөт.
Долбоордо жарыктандыруу орнотуу, отургучтарды жана таштанды челектерин коюу, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана жарандар панорамалык көрүнүштөрдү көрө ала турган аянтчаларды куруу каралган.
Белгилей кетсек, бул жол мурда өтө начар абалда болуп, каттам үчүн кыйла түйшүк жаратчу. Жол жаңыланса, Орто-Сай айылынын тургундарына гана эмес, флагшток багытына эс алууга чыккан жарандар үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлөт.