Эс алуучулардын эсине! Кара-Койго баруучу жолго чектөөлөр киргизилет

Аймак Загрузка... 31 Июль 2025 12:55
526007732_122179113290368081_1840755590082899797_n.jpg
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. "Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын" аймагында жайгашкан Кара-Кой эс алуу аймагына алып баруучу жолдун калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштери уланууда.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү буга байланыштуу эс алуу аймагына баруучу жолго убактылуу чектөөлөр киргизилерин эскертет.

"Жүргүзүлүп жаткан жол курулуш иштерине байланыштуу 2, 3, 9, 10, 16 жана 17-август дем алыш күндөрүндө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилет", - деп айтылат маалыматта.