Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө эс алуу сезонундагы негизги көйгөй көлдү саркынды суулардан сактоо. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Расулбек Жусупов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, биринчиден көлгө саркынды суулар куюлбай, бардык субъектилер экологиялык талаптарга туура келиш керек.
“Жылда эс алуу жайларына инвентаризация жүргүзүлүп турат. Быйылкы жылдын эсеби боюнча жалпы объектилердин саны 1 миң 198ди түзөт. Анын ичинен пансионаттар 165, мейманканалар 64, жеке менчик конок үйлөрдүн саны 932, боз үйлөрдүн 37 шаарчасы бар. Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча бардыгы 180 тазалоочу курулмалар бар. Булардын бардыгы инвентаризациядан өтүп, учурда көзөмөлдөө иштери жүрүп жатат”,- деди Жусупов.
Экологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы маалымдагандай, эс алуу жайы үчүн жер бөлүнгөндөн тартып экологиялык көзөмөл жүргүзүлөт.
“Иштелип чыккан долбоорду министрликте мамлекеттик экология кызматы менен макулдашып, оң жактуу корутунду алыш керек. Биз долбоордун негизинде гана курулушту көзөмөлгө алабыз. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса эскертүүлөр берилип, административдик айыптар салынат. Андан башка, атмосфералык абаны булгоо, саркынды суулар, жер кыртышын бузуу, таштандыларды мыйзамсыз таштоо боюнча доолор коюлат”,- деди ал.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл жээгинде мыйзам бузгандарга чара көрүү максатында жаңы жобо иштелип чыкты. Бул жобо бардык мыйзам бузган ишкер субъектилерге туура келет. Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо максатында Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жобону коомдук талкууга алып чыкты. Бул документке ылайык, экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын аткарбаган эс алуу жайларынын иши токтотулушу мүмкүн.