Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 26 июнь 2025 15:33
1750909641_large.jpeg
1750909570.jpeg
Алдыга
Артка
1750909641_large.jpeg
1750909570.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 27-июнда саат 10:00дөн 20:00гө чейин
11-кичи району – Көк-Жар кичи району – Улан кичи району жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу 11-кичи райондогу суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.