Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 18 август 2025 11:55
1755490985_large.jpeg
1755490945.jpg
Алдыга
Артка
1755490985_large.jpeg
1755490945.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 18.08.2025. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 19-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин Токтоналиев – Гшлиессера – Миңжылкыев – Сагындыков көчөлөрү – Масалиев проспектиси менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу диаметри 300 мм болгон суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.