Эртең Бишкектеги муниципалдык мектептер онлайн-режимде иштейт

Коом Загрузка... 16 Октябрь 2025 22:20
IMG_7945.webp

Бишкек, 16.10.25 /Кабар/. Эртең, 17-октябрда Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин окуучулары онлайн окуйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, мессенжерлердин биринде эркек кишинин борбор калаадагы мектеп окуучуларынын өмүрүнө коркунуч жараларын айткан видеосу тараган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын негизинде териштирүү иштери башталган.

№6, №61 жана “Ак-Ордо” жаңы конушунда жайгашкан жалпы билим берүүчү мектеп курчоого алынып, окуучулар жана мектеп администрациясы эвакуацияланган. Милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп, бирок күмөндүү предметтер табылган эмес.