Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында, Ысык-Көл облусунун район акимдери жана шаар мэрлери жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт. Жолугушуулар түз эфирде облустук телеканалдар аркылуу чагылдырылат.
Жолугушуулардын графиги:
Ак-Суу району
(Аким К.А. Калдаралиев)
- 12-май, 10:00: Хан-Теңири а/ө, Ново-Вознесеновка айылы, маданият үйү;
- 12-май, 14:00: Каракол а/ө, Каракол айылы, маданият үйү;
- 16-май, 10:00: Алтын-Арашан а/ө, Октябрь айылы, Ж. Ашубаев атындагы мектептин спорт залы;
- 16-май, 14:00: Кыдыр Аке а/ө, Ак-Суу айылы, райондук администрациянын жыйындар залы.
Жети-Өгүз району
(Аким Э.И. Бахавадинов)
- 14-май, 10:00: Жаргылчак а/ө, Ак-Терек айылы, Э. Кайып кызы атындагы маданият үйү;
- 14-май, 14:00: Барскоон а/ө, Барскоон айылы, маданият үйү;
- 18-май, 10:00: Жети-Өгүз а/ө, Чырак айылы, Ж. Абдыкадыров атындагы маданият үйү;
- 18-май, 14:00: Оргочор а/ө, Оргочор айылы, К. Курманов атындагы маданият үйү;
- 18-май, 16:30: Кызыл-Суу а/ө, Кызыл-Суу айылы, Б. Ибраев атындагы маданият үйү.
Тоң району
(Аким Б.А. Осмонов)
- 15-май, 10:00: Күн-Чыгыш а/ө, Бөкөнбаев айылы, И. Тойчубеков атындагы маданият үйү;
- 15-май, 13:00: Болот Мамбетов а/ө, Төрт-Күл айылы, К. Атабеков атындагы маданият үйү;
- 15-май, 15:00: Ак-Терек а/ө, Кара-Коо айылы, К. Исаков атындагы маданият үйү;
- 15-май, 17:00: Улахол а/ө, Кара-Талаа айылы, айыл өкмөттүн жыйындар залы.
Түп району
(Аким Т.М. Мадяров)
- 19-май, 10:00: Ысык-Көл а/ө, Михайловка айылы, маданият үйү;
- 19-май, 13:00: Карасаев а/ө, Сары-Дөбө айылы, маданият үйү;
- 19-май, 16:00: Түп а/ө, Түп айылы, маданият үйү;
- 20-май, 10:00: Каркыра а/ө, Талды-Суу айылы, У. Мамбеталиев атындагы маданият үйү;
- 20-май, 13:00: Балбай а/ө, Ак-Булак айылы, Т. Алтыбасарова атындагы маданият үйү.
Ысык-Көл району
(Аким Ж.Т. Ормонов)
- 25-май, 10:00: Ж. Абдрахманов а/ө, Ананьево айылы, Б. Чаргынов атындагы маданият үйү;
- 25-май, 14:00: Садыр Аке а/ө, Темир айылы, маданият үйү;
- 25-май, 16:30: Чолпон-Ата шаары, Бостери айылы, К. Жылкыбаев атындагы маданият үйү;
- 26-май, 10:00: Шайыбек Ата а/ө, Чоң-Сары-Ой айылы, У. Абдыкалыков атындагы маданият үйү;
- 26-май, 14:00: Тору-Айгыр-Тамчы а/ө, Тамчы айылы, маданият үйү.
Шаарлар
- Балыкчы шаары: 27-май, 10:00. Э. Дубанаев атындагы маданият үйү (Мэр Б.Т. Жантаев).
- Каракол шаары: 28-май, 10:00. Облустук өкүлчүлүктүн аппаратынын жыйындар залы (Мэр Т.О. Иманов).