Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. 21-августтан 1-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы Фрунзе - Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде Фрунзе көчөсү боюнча (Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 метр) пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө жана анын алкагында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери өткөрүлүп, түтүктүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин кеңейтилет.
Бул тармак 1971-жылдан бери иштеп келе жатат (54 жыл) жана анын колдонуу мөөнөтү толугу менен бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.
Бишкек мэриясы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.