Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Эртең, 1-июлдан тарта электрондук тамеки пайдалангандар жана саткандар жазаланат.
Мыйзам жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук тамекини колдонуудан коргоону камсыз кылуу максатын көздөйт.
Мыйзамга ылайык, өлкө аймагына электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынды.
Электрондук тамекини пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузганы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган, ага ылайык, колдонгон жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинде электрондук чылымды мыйзамсыз ташып келүү үчүн жоопкерчилик белгиленген.
Ага ылайык, электрондук чылымды олуттуу өлчөмдө ташып келүү – эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 100 миңден 120 миң сомго чейинки айып салынат.
Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун – 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Документке президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 22-ноябрында кол койгон.