Эртеңден тарта №55, 56 автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт

Коом 1250 07 Апрель 2025 17:55
443909.ef843beda8d0677c44fe808a879f500a.jpg
1744023229.jpg
1744023225.jpg
Алдыга
Артка
443909.ef843beda8d0677c44fe808a879f500a.jpg
1744023229.jpg
1744023225.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Эртең, 8-апрелден тарта №55, 56 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр транспорттук тейлөөнү жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн жолго кеткен убактысын кыскартуу жана ыңгайлуулукту жогорулатуу максатында киргизилүүдө.

  • №55 каттам  «Чоң-Арык – Маевка МАБ» багытында каттайт. Буга чейин автобус Семетей көчөсү жана Айланма жол аркылуу каттаса, эми кыймыл Жибек-Жолу проспектиси жана Махатма Ганди көчөсү аркылуу уюштурулат. Бул өзгөртүү Чоң-Арык менен Маевканын ортосунда түз жана ыңгайлуу каттамды камсыз кылат.
  • №56 каттам «Чоң-Арык – Аламүдүн-1» багытында каттайт. Буга чейин автобус айланма жол (кольцевой) схема менен жүрсө, эми ал Байтик баатыр, Жумабек, Салиева жана М. Ауэзов көчөлөрү аркылуу каттайт.