Эртең Тунгуч кичи районунда ысык суу болбойт

Коом Загрузка... 07 Июль 2025 11:11
1751631887_large.png
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Тунгуч кичи районунда эртең, 8-июлда саат 9:00дөн 14:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу №9 насостук станциянын өчүрүү жана жөнгө салуу клапандарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.