Эртең талапкерлердин арыздарын кабыл алуу аяктайт – БШК

Шайлоо Загрузка... 29 Октябрь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-10-14 at 08.06.47.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт.

Боршайкомдон маалымдашкандай, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат.

28-октябрга карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 531ди түздү.

Эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.