Эртең мененки шамал 2 мектеп, 7 турак үй жана 3 көп кабаттуу үйгө зыян келтирген

Кырсык Загрузка... 21 Февраль 2026 14:35
WhatsApp Image 2026-02-21 at 09.08.34.jpeg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Эртең менен болгон катуу шамалдан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир катар обьектилер зыянга учурап, бактар кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Акыркы сааттардагы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жалпы 2 мектеп, 7 турак үй, 3 көп кабаттуу үй, 1 сарай, 1 турак үйдүн дубалы, 2 унаа, 4 дарак жабыркаган.

Учурда ӨКМдин райондук ыкчам топтору Жарандык коргонуу комиссиялары менен жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары Ленин районунун Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү чатырды коопсуздандыруу аракетин көрүүдө.