Эртең Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Коом 1 апрель 2025 17:27
Эртең Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Эртең, 2-апрелден тарта Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат.

Мэриянын маалыматы боюнча, Медеров көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Баш-аягы Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Ал эми Медеров-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров-Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Оңдоо иштеринен улам №212 автобустун схемасынын багыты Горький көчөсүнө чейин өзгөрөт.

Белгилей кетсек, жол оңдоо иштерин “Технотоп” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзөт.