Эртең Маевканын бир бөлүгүндө суу болбойт

Коом 269 20 Июль 2026 11:55
1784523793_large.png
1784523634.jpeg
Алдыга
Артка
1784523793_large.png
1784523634.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.07.26. /Кабар Эртең, 21-июлда саат 09:00дөн  саат 18:00гө чейин Маевка айылынын бир бөлүгүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров көчөсү -  Жаңылык көчөсү менен чектелген аймакта токтотулат.

Суу берүү "Өмүр Булагы Елена" суу топтомосунда оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.