Бишкек. 07.03.26. /Кабар/. Эртең Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жалпы 134 жаран азыр Дохадан Сауд Аравияга жолго чыкты. Алар автобустар менен Эр-Риядга келип, ал жактан Бишкекке учушат.
"Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштери менен бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. Дохадан чыккан жарандар Эр-Рияддан учак менен Кыргызстанга 8-март кечинде келери күтүлүүдө", - деди ал.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарды Кыргызстанга алып келүү тапшырмасын берип, уюштуруу иштери жеке көзөмөлүндө.
Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан атайын эки авиакаттам менен 260 кыргызстандык мекенине келген.