Эртең борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт

Коом Загрузка... 16 Апрель 2025 09:40
1658310488_large_730x0_730x0_730x0_730x0.730x0.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Эртең борбор калаанын бир бөлүгүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 17-апрелде саат 09:00дөн 16:00гө чейин Абакан көчөсү - Дэн Сяопин проспектиси - Кустанай көчөсү - темир жол линиясы, ошондой эле Кустанай көчөсү - Волков көчөсү - Садыгалиев көчөсү, - Дэн Сяопин проспектиси менен чектешкен аймакта ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.