Эртең Бишкектин түндүк-батыш тарабында ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом 6 август 2025 16:55
1754456622_large.jpeg
1754456583.jpeg
1754456579.jpeg
1754456576.jpeg
Алдыга
Артка
1754456622_large.jpeg
1754456583.jpeg
1754456579.jpeg
1754456576.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Эртең,  7-августта  Бишкектин түндүк-батыш тарабында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 10:00дөн 20:00гө чейин борбор калаадагы 10-кичи району; Масалиев –Ч. Айтматов проспектилери – Ы. Абдрахманов- Садырбаев көчөлөрү; Масалиев –Ч. Айтматов проспектилери – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Суу диаметри 500 мм болгон ВДНХ резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы жаралган  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.