Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт

Коом 26 Август 2026 10:45
236386.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 27-августта саат 09:00дөн саат 21:00гө чейин 9-кичи райондун бир бөлүгүндө, Малдыбаев көчөсү - Сүйөркулов көчөсү - К. Тыныстанов көчөсү - И. Ахунбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Суу берүү диаметри 200 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.