Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Эртең, 9-сентябрда Олимпиадалык кураманын чечүүчү беттеши өтөт. Анда Кыргызстан менен Шри-Ланка кез келет.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, мелдеш саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Ошондой эле оюн алдында саат 18:00дө күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа тартууланат. Билеттер Ticket.kg сайтында сатылууда.
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү - 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт комада финалдык баскычка жолдомо алат.
Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Аравияда өтөт.