Эртең Бишкекте кимчи фестивалы өтөт

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 17:00
kimchi 2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Эртең, 25-октябрда Бишкекте корей кимчи фестивалы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында коноктор корей тамактарынын даамын татып, салттуу кийимдерди кийип көрүп, корей маданияты жана каада-салттары менен тааныша алышат.

Иш-чара Курманжан датка эстелигинин алдындагы аллеяда саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт (расмий бөлүгү саат 14:00дөн 15:00гө чейин).

Бишкек мэриясы шаардыктарды дем алыш күндөрдү жаркын жана кубанычтуу өткөрүүгө чакырат.