Эртең Бишкекте Дельфи оюндары башталат

Маданият Загрузка... 24 Апрель 2025 12:35
81f0c3ab583320d75e1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Эртең Бишкекте Дельфи оюндары башталат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Оюндар «Дельфи Бишкек! Катыш, Сынап көр, Жеңишке жет!» ураанынын алдында өтөт.

Маданий иш-чара Кыргызстан боюнча жаш таланттарды,  музыканттарды, сүрөтчүлөрдү жана аткаруучуларды бириктирет. 25-апрелде башталган оюндар 30-апрелге чейин созулуп, 7 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу балдар менен жаштарды чогултат.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана Кыргызстандын Дельфи комитети.

Долбоордун максаты — Дельфий оюндарын өнүктүрүү, улуттук маданияттарды сактоо жана даңазалоо, маданияттар аралык диалогду бекемдөө жана жаш искусство өкүлдөрүнүн кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү.

“Ачык Бишкек Дельфий оюндары – 2025” — бул өзүнүн чыгармачылыгын көрсөтүү, маданияттагы жаңы ысымдарды табуу жана эл аралык маданий алакаларды түзүү үчүн платформа.

Белгилей кетсек, 26-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында оюндун расмий ачылыш аземи өтөт.