Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат – мэрия

Коом 30 август 2025 12:40
Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат – мэрия

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Эртең, 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, саат 06:00дөн түн ортосуна чейин Ала-Тоо аянты, Чүй проспектисинин бир бөлүгү жана Абдумомунов көчөсү унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Белгилей кетсек, кечкисин Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата концерттик программа өтүп, шаар тургундары менен коноктору үчүн майрамдык концерт уюштурулат.