Эртең айт намазы мечиттерде окулат

Коом Загрузка... 05 Июнь 2025 17:00
c2272e01-21fb-45fe-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.06.25. /Кабар/. Эртең, 6-июнда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдады.

Анда белгиленгендей, айт намазы жума мечиттерде жана казыят тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулат. Айт намазы саат 07:30да башталат.

Кыргызстанда Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Ишемби жана жекшемби күндөрдү кошкондо кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат.