Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунун тургундарын жана бардык мекендештерди шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлады.
Маалымдалгандай, президенттин өкүлү өз кайрылуусунда шайлоо - ар бир жаран үчүн маанилүү жана жоопкерчиликтүү тандоо экенин белгиледи.
“Өлкөбүздүн келечеги ар бирибиздин тандообузга түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан ар бир жаран өз жарандык позициясын көрсөтүп, шайлоого кайдыгер карабашы маанилүү. Талас облусунун тургундарын жана бардык мекендештерди бул демократиялык жараянга активдүү катышууга чакырам”, - деди Жумаев.
Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, Эрмат Жумаев биринчилерден болуп шайлоо участкасына барып эл өкүлдөрүн шайлоо процессине катышты.