Эркин күрөш боюнча улуттук курама дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 18 Сентябрь 2025 11:32
548207917_806237671749452_2011490633965673993_n.jpg
549927829_806237585082794_1240247036775586055_n.jpg
Алдыга
Артка
548207917_806237671749452_2011490633965673993_n.jpg
549927829_806237585082794_1240247036775586055_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы өлкөгө кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, ошондой эле спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Эске салсак, дүйнө чемпионаты 13-сентябрда Загреб шаарында эркин күрөш боюнча мелдештер менен башталган. 57 кг салмак категориясында күч сынашкан Бекзат Алмаз уулу экинчи орунду алып, күмүш байгеге, 70 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрназар Акматалиев коло медалга ээ болду.