Чечейбаев: Өзгөндөгү жаңы оорукана — калктын саламаттыгын жакшыртууга маанилүү кадам

Аймак 22 май 2025 15:22
499462980_721315903629114_5451421794625518309_n.jpg
499509641_721316020295769_8764183611798259408_n.jpg
500064937_721316016962436_4659461020121730585_n.jpg
500220263_721315936962444_8752082799150253060_n.jpg
500731316_721315886962449_6034416659034848720_n.jpg
Алдыга
Артка
499462980_721315903629114_5451421794625518309_n.jpg
499509641_721316020295769_8764183611798259408_n.jpg
500064937_721316016962436_4659461020121730585_n.jpg
500220263_721315936962444_8752082799150253060_n.jpg
500731316_721315886962449_6034416659034848720_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек 22.05.25. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында заманбап үч кабаттуу, 60 орундуу жаңы оорукана ишке берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө бул оорукана аймактын калкы үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү долбоор экенин белгиледи.

"Бул — калктын саламаттыгын жакшыртууга карай маанилүү кадам. Биздин максат — мындай мекемелер элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп, узак жылдар бою кызмат кылышы керек", — деди министр.

Жаңы ооруканада төрөт, терапия, хирургия, педиатрия жана тез жардам бөлүмдөрү бар. Ал заманбап медициналык жабдуулар — ӨЖД (ИВЛ) аппараттары, УЗИ, рентген жабдуулары жана лабораториялык жабдыктар менен камсыздалган. Мунун аркасында жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана улгайган адамдар өз аймагында эле зарыл болгон медициналык жардамды ала алышат.

Аталган оорукана өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен заманбап стандарттарга ылайык курулду.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 21 ири медициналык объект курулуп, 12 мекемеде капиталдык оңдоо иштери улантылып жатат.