Эркин Чечейбаев БУУда жугуштуу эмес ооруларга көзөмөлдү күчөтүү жолдорун сунуштады

Ден соолук 25 Сентябрь 2025 09:00
552917147_816227630804607_4550991643046315956_n.jpg
552974922_816216027472434_6679178793100967466_n.jpg
553475699_816216020805768_8558251153516293612_n.jpg
554864090_816216030805767_3747582403244745258_n.jpg
552385741_816216014139102_2723572002123071284_n.jpg
552717773_816227624137941_1117379278249396744_n.jpg
Алдыга
Артка
552917147_816227630804607_4550991643046315956_n.jpg
552974922_816216027472434_6679178793100967466_n.jpg
553475699_816216020805768_8558251153516293612_n.jpg
554864090_816216030805767_3747582403244745258_n.jpg
552385741_816216014139102_2723572002123071284_n.jpg
552717773_816227624137941_1117379278249396744_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Нью-Йоркто Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана көзөмөлдөөнү ылдамдатууга арналган тематикалык иш-чарага катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.

Министр Борбор Азия өлкөлөрү үчүн калктын саламаттыгынын стратегиялык маанисин жана регионалдык координацияны күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ЖЭОго каршы эң натыйжалуу 25 чарасын камтыган анализинин жыйынтыктарына токтолуп, анын ичинде тамеки чегүүгө каршы чараларды күчөтүү, тамеки жана алкоголдук продукциянын жеткиликтүүлүгүн салыктык жөнгө салуу аркылуу чектөө сыяктуу практикалык кадамдардын маанисине басым жасады.

Өзгөчө ЖЭО боюнча кызматтарды саламаттык сактоонун алгачкы баскычына интеграциялоо, калк менен эффективдүү коммуникация жүргүзүү жана жарандык коомду кеңири тартуу маанилүүлүгү белгиленди. Министр, ошондой эле, саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо боюнча системалуу иштерге токтолуп, заманбап санариптик чечимдер маалыматтарды чогултуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланууга шарт түзөрүн белгиледи.

Эркин Чечейбаев президенти Садыр Жапаров ЖЭОну алдын алуу, дени сак жашоо образын жана физикалык активдүүлүктү илгерилетүүнү улуттук саламаттык сактоо саясатынын негизги приоритеттеринин бири катары аныктаганын эске салды. Бул багытта оорукана инфраструктурасын өнүктүрүү менен бирге заманбап спорт комплекстери да курулуп жатканын кошумчалады.

Маалымат үчүн: Жугуштуу эмес оорулар — эрте өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби болуп саналат. Алардын алдын алуу Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө кошкон негизги салым болуп эсептелет.