Эркечтамдагы окуя боюнча текшерүү уланууда - ИИМ

Коом Загрузка... 01 Сентябрь 2025 15:05
WhatsApp_Image_2024-11-21_at_16.08.57.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Кечээ, 31-августта Алай районунун ички иштер бөлүмүнө Эркечтам автоунаа токтотуучу жайында Күзөт кызматынын кызматкерлери менен Кытай жарандарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, күзөт кызматынын кызматкери асманга үч жолу ок чыгаргандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

“Анда Алай районунун Нура айылында жайгашкан автоунаа токтотуучу жайында ИИМдин Түштүк-чыгыш күзөт кызматынын кызматкерлери токтоп турган Кытай Эл Республикасынын оор жүк ташуучу автоунааларынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда пикир келишпестиктер жаралып, уруша кетишкендиги, натыйжада Күзөт бөлүмүнүн кызматкери өзүнүн табелдик ок атуучу куралынан асманга эскертүү иретинде 3 жолу ок чыгаргандыгы маалым болгон”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар делген Кытай эл Республикасынын 9 жараны жана Күзөт бөлүмүнүн 2 кызматкери РИИБге жеткирилип, суракка алынган. Алардын денелеринде жараатты жана спирт ичимдигин ичкендигин аныктоо учурунда Кытайдын 6 жараны мас абалда экени аныкталган.

Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү уланып жатканы кошумчаланды.