1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке салым кошкон кыргызстандык жүздөгөн баатырлар эч кимдикине окшобогон эрдиктерди жасашкан. Алар согуш талаасында ажалдан тайманбай, баскынчылардын мизин майтарып, кырчын курактарында өмүрлөрү кыйылган. Баатыр аталардын эрдигин кайрадан эске салуу ниетинде айрымдарынын жасаган кадамдарына токтоло кетүүнү эп көрдүк.
Асанбек Оторбаев – 1925-жылы Талас районундагы Чат-Базар айылында туулган. Ал кичинесинен эле өзүнүн өжөрлүгү, намыскөйлүгү жана эч нерседен кайра тартпаган мүнөзү менен мектепте окууда да алдыңкылардан болуп, достору арасында уюштургучтугу менен айырмаланган.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда намыстанган Асанбек Оторбаев эң алгачкылардан болуп согушка кирип, баскынчылар менен кармашып жеңгиси келет. Бирок, жашы араң он алтыга толгон Асанбекти аскер комиссариатындагылар али жашың жете элек деп кубалап ийишет. Кийинки жылы дагы аскер комиссариатына келген Асанбек Оторбаевди бу саам да тааный коюп, кийинки жылы келесиң деп жолго салышат.
Ошентип жашы 18ге караган Асанбек Оторбаевди ушул жолкусунда Ата Мекенди коргоого фронтко жиберишет. Эч нерседен коркпогон Асанбек баскынчылар менен салгылашып атып жарадар болот. Ленинград фронтунда жана 1-Украин фронтунда кызмат өтөгөн Оторбаев 1944-жылы Ленинграддагы Колпино-Пулководо баскынчылар менен жан аябай согушуп, Ленинград блокадасын алууга чоң салым кошот.

Анын эч нерседен коркпогон мүнөзүнө таңыркашкан жоокерлер жана командирлери жогору бааларын берише турган. Ошол 1944-жылдын 10-февралында жарадар болот. Эки айдан соң дарыланып чыгып, кайрадан согушка Псковго жөнөтүлөт. 1944-жылдын июнь айында Выборг чабуулуна катышып, эрдиги үчүн “Эрдик” медалына татыктуу болот.
1945-жылы кенже сержант Асанбек Оторбаев эми пулемётчу катары 1-Украин фронтундагы 296- аткычтар полкунун 13-дивизиясында да милдет өтөйт. 1945-жылы 25-январда Оторбаевге жасаган эрдиктери үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени көкүрөгүнө тагылат. Ортодон алты күн өтпөй Асанбек Оторбаев Одер дайрасы аркылуу калктуу Вальдич кыштагында дайранын батыш жээгинде плацдармды кармап, немистин беш жолку чабуулунун мизин майтарат. Алтынчы контрчабуулда душмандын оор артиллериясына каршы колуна эки граната кармап, өз боюн таштайт. Душман артиллериясынан Асанбектин эрдиги аркылуу арылган советтик армия андан ары карай душмандарга оңой кирип барып, жеңишке жетишишет. Душмандардын алтынчы жолку соккусунда Асанбек Оторбаев колуна 2 граната кармап, немистик артиллерияга боюн таштап, баатырларча курман болот.
Анын сөөгү Польшанын Кендзежин-Козле шаарындагы бир туугандар көрүстөнүндө жерге берилген.