Эрденет Касымов: Туризм – өлкөнүн жаңы экономикасынын негизги таянычы болушу керек

Пикир Загрузка... 10 Июль 2025 17:07
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Эрденет Касымов «Кабар» агенттигине берген комментарийинде өлкөнүн медиа чөйрөсүндөгү абал өлкөнүн туризм секторуна кандай таасир берип жаткандыгы тууралуу айтып берди.

WhatsApp Image 2025-07-10 at 17.15.07.jpeg

Анын айтымында, учурда өлкөдө эл аралык стандарттарга жооп берген мейманканалар, туристтик шаарчалар, эс алуу жана курорттук аймактар активдүү курулууда. Инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча пландар кеңейтилип, жакшыртылып жатат. Ошондой эле 2030-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына ылайык, туризм тармагы жаңы экономиканын негизги багыттарынын бирине айланышы керек.

«Ооба, туризм — бул экономиканын ыкчам өнүгүп жаткан тармагы. Анын экономикалык өсүшкө кошкон салымы чоң, жумуш орундарын түзүп, башка тармактарды да өнүктүрүүгө түрткү берет.

Андан тышкары, туризм кызмат көрсөтүү секторунда эң кирешелүү тармактардын бири катары таанылган жана дүйнөлүк ИДПга салымы чоң. Анын өсүшүнө адамдардын саякатка болгон кызыгуусу жана туризмдин жаңы формаларынын пайда болушу себеп болууда», — деди Касымов.

Ал ошондой эле ааламдашуу шарттарында дүйнө өлкөлөрү туристтерди тартуу үчүн ар кандай стратегияларды жана программаларды иштеп чыгышканын белгиледи. Бул иш-чараларга инфраструктураны жакшыртуу, жаңы туристтик продуктуларды түзүү, маданий мурастарды жайылтуу, визалык эрежелерди жеңилдетүү жана санариптик технологияларды киргизүү кирет.

«Кыргызстан да бул дүйнөлүк тенденциядан артта калган жок. Акыркы учурда маалымат мейкиндигинде өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланып жатат», — деп кошумчалады ал.

Буга байланыштуу жакында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы» жөнүндө жарлыкка кол койгон. Аталган документте төрт негизги багыт белгиленип, алардын бири туризм болуп эсептелет. Ошондой эле 2030-жылга чейинки туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Бул программа атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу жана жагымдуу туристтик секторду түзүүгө багытталган.

«Биз быйылкы жылы 10 миллионго жакын туристти кабыл алууну пландап жатабыз. Азыркы тапта туристтер үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул өзүнө инфраструктура, транспорт тармагы, жайгашуу жана тамактануу жайлары, көрүү жана көңүл ачуу объектилерин камтыйт. Ошондой эле маданий, экологиялык, окуу-таанып билүүчү, окуялуу жана ден соолукка пайдалуу туризмди өнүктүрүү потенциалы дагы бар», — деди Касымов.

Анын айтымында, буга чейин жасалган иштер менен чектелбей, республика боюнча, айрыкча Ысык-Көл облусунда жана башка курорттук аймактарда мейманканалардын курулушу уланууда, туристтер үчүн кызыктуу жерлерде жолдор оңдолуп, регионалдык аэропорттор иштеп жатат.

Ошондой эле Касымов туристтик сезондун шартында, өлкөгө болгон көңүл буруу күчөп турган учурда, маалымат мейкиндигинде тең салмактуулукту сактоо өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Туризм департаменти окуяларды объективдүү, тең салмактуу жана ар тараптуу чагылдырууга чакырат. Туристтик сезон маалында, Кыргызстанга чет өлкөлүк коноктордун жана мүмкүн болгон инвесторлордун көңүлү бурулуп турган учурда, маалымат мейкиндигинде тең салмактуулукту сактоо өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилейт.

«Азыркы медиамейкиндикте маалыматтар көбүнчө бурмаланып берилүүдө. Терс кабарлар статистикага ылайык, көбүрөөк көңүл бурууга ээ болот. Ошондуктан журналисттерди, блогерлерди жана жарандарды маалыматты жоопкерчиликтүү түрдө жарыялоого чакырабыз. Татаал темаларды да конструктивдүү, аша чабуудан алыс бергенибиз туура», — деди ал.

Касымов белгилегендей, туризм — бул жөн гана экономика тармагы эмес, ал өлкөнүн эл аралык беделинин да күзгүсү. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарын жана блогерлерди Кыргызстандын оң жана так элесин дүйнөгө таанытуу үчүн кызматташууга жана ачык диалогго чакырды.