Ташкент, 07.01.26. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстандагы фармацевтикалык продукциянын ички өндүрүшүн өнүктүрүүгө 20 млн долларга чейинки насыя бөлөт. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Каражат жергиликтүү Nika Pharm компаниясынын өндүрүштүк жабдууларын жаңыртууга жана кубаттуулуктарын кеңейтүүгө багытталат. Долбоор продукциянын сапатын жогорулатып, өндүрүштү GMP (Good Manufacturing Practices) стандарттарына шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстандын фармацевтикалык рыногунда импорттук дары-дармектердин үлүшү 75 пайызды түзөт. Долбоор жергиликтүү өндүрүштүн үлүшүн 80 пайызга жеткирүү боюнча мамлекеттик стратегияны колдойт.