ЕРӨБ: Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады – «Борбордук Азиянын суу-энергетикалык комплекси» инвестициялык мегадолбоорунун бир бөлүгү

Маек Загрузка... 27 Март 2025 13:40
WhatsApp Image 2025-03-27 at 13.13.02.jpeg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн маанилүү тармактарынын бири – бул энергетика. Анда жайгашкан дарыялардын табигый потенциалы ГЭСтерди куруу аркылуу энергетикалык кубаттуулукту жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Келечекте таза электр энергиясын өндүрүү Кыргызстандын бүткүл экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот. Өлкөдөгү дарыялардын потенциалын туура жана толук пайдаланса, Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө электр энергиясынын негизги берүүчүлөрдүн бири боло алат. Ошондуктан, «Электр станциялары» ААКнын жаңы гидроэлектостанциялардын куруу боюнча долбоорлорду сунуштаган. Буларга Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Камбар-Ата ГЭС-1, Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады, Казарман ГЭСтер каскаддары кирет.

Жакында Экономика жана соода министрлиги менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда “Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу” долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуу түзүлгөн.

Евразия өнүктүрүү банкынын Техникалык жардам фондунун башкаруу боюнча комитетинин төрагасы, Стратегиялык долбоорлор дирекциясынын аткаруучу директору Виктор Лебедев “Кабар” маалымат агенттигинин долбоор боюнча берген суроолоруна жооп берди.

- Суусамыр-Көкөмерен каскадынын келечеги кандай болот жана ал Кыргызстанга канчалык пайда алып келет?

- Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жана Энергетика министрлиги тарабынан аймактагы приоритеттүү долбоорлордун бири катары каралган. Долбоор Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2317-VII токтому менен бекитилип, 2035-жылга чейинки өлкөнүн Улуттук энергетикалык программасына киргизилген. «Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу» долбоору Евразия өнүктүрүү банкынын «Борбордук Азиянын суу-энергетикалык комплексинин» негизги инвестициялык мегадолбоорунун бөлүгү болуп саналат, бул аймактагы суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө салым кошууга багытталган. Республикада да, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндө да электр энергиясынын жетишсиздигинин шартында бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Ал электр энергиясынын жетишсиздигин кыскартуудан тышкары, парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтып, Борбор Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону жогорулатат.

- Кеп ГЭСтердин каскады жөнүндө болуп жатат да. Алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жаңы эле башталып жатканы түшүнүктүү, бирок, балким азыр долбоорго киргизилген кээ бир параметрлер тууралуу айтсак болобу?

- Каскаддын үч ГЭСинин (Каракөл ГЭСи, Көкөмерен ГЭС-1, Көкөмерен ГЭС-2) алдын ала орнотулган кубаттуулугу 1305 МВт түзөт. Станциянын кубаттуулугу жана долбоорду ишке ашыруунун ырааттуулугу долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча аныкталат.

- ЕРӨБ долбоорду ишке ашырууну колдоого алгандан кийин дагы башка инвестицияларды тартабы?

- Ооба, 2024-жылдын декабрында ЕРӨБ, Экономика жана коммерция министрлиги жана Энергетика министрлигинин ортосунда үч тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган, анда ЕРӨБ “Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу” долбоорун даярдоодо жана ишке ашырууда финансылык өнөктөш катары аныкталган. Инвестициялык долбоорду деталдуу изилдөөнү баштоо жана инвесторлорду тартуу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо зарыл. Ушуга байланыштуу, Банк мындай иштерди ЕРӨБ Техникалык жардам фондунан каржылоону чечти; анын жыйынтыгы боюнча бизде кеңейтилген техникалык эсептөөлөр, инвестициялык долбоордун финансылык модели, долбоордун экономикалык жана коммерциялык натыйжалуулугу, социалдык жана экологиялык кесепеттери боюнча корутундулар болот. Алынган маалыматтын негизинде ЕРӨБ инвесторлор менен иштешүүнү жана долбоорду ишке ашырууну улантат.