ЕРӨБ Ошко электробустарды алуу жана жаңы троллейбус линияларын курууга көмөктөшөт

Коом 17 сентябрь 2025 13:50
548756402_1129147752737454_952752054239867687_n (1).jpg
548215626_1129147806070782_4498052592559933304_n.jpg
547648601_1129147782737451_7291793027574861565_n.jpg
548221914_1129147789404117_3749405378975822369_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен Бишкек шаарында жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Тараптар Ош шаарына электробустарды алып келүү жана жаңы троллейбус линияларын куруу боюнча келишимге кол коюшту.

Ошондой эле шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды. Атап айтканда:

  • эстакадалык көпүрөлөрдү куруу;
  • шаарды айланып өтүүчү жолдорду салуу;
  • жылуулук ишканасынын отканаларын оңдоо;
  • "Жашыл шаар" долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.