Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Бишкекте финансы министри Алмаз Бакетаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Бойд-Карпентер менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга министрдин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев дагы катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, Кара-Балта – Чалдовар унаа жолунун реконструкциясы жана Кемин – Балыкчы электр берүү линиясы сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдиришип, Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашты.