Эр-Рияддан атайын каттам менен 166 жаран келди

Коом Загрузка... 08 Март 2026 22:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Бүгүн Катардын Доха шаарында круиздик лайнерден чыгарылган Кыргызстандын 166 жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Учак "Манас" эл аралык аэропортуна конду.

Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргыз жарандары коопсуз коридор аркылуу Сауд Аравияга автобустар менен жеткирилген. Андан соң Эр-Рияд аркылуу атайын каттам менен Бишкекке алып келинди.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын коопсуз эвакуациялоону камсыз кылган ар тараптуу көмөгү, уюштуруунун жогорку деңгээли жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн Катар жана Сауд Аравия өкмөттөрүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Жакынкы Чыгыштан жарандарды эвакуациялоо иш-чараларын уюштуруу улантылат.