Эр-Рияддагы ЮНИДОнун конференциясында Кыргызстандын позициясы айтылды

Саясат Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы 23-27-ноябрда Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) 21-башкы конференциясына катышууда.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, делегацияны Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов жетектеп барды.

Иш-чаранын алкагында 25-ноябрда делегация башчысы - элчи Марипов "Европаны жана Борбор Азияны туруктуу өнөр жай өсүшү үчүн араб аймагы менен байланыштыруу: технологияларды өткөрүп берүү жана инвестициялар" аттуу негизги диалогго катышты.

Ал өз сөзүндө 2025-жылы кол коюлуп, ишке киргизилген Кыргызстан үчүн ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын (ӨӨП) алкагында аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Ошондой эле ал ӨӨП Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү стратегиясына толук шайкеш келип, комплекстүү реформалардын жана өнөктөштүктүн жаңы этабын ачарын белгиледи. Элчи араб өлкөлөрү менен кайра жаңыртылуучу энергетика, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, өнөр жайды модернизациялоо, санариптик технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташуунун жогорку потенциалын белгилеп өттү.

24-ноябрда өткөн "Өнөр жайды өнүктүрүү үчүн адилеттүү энергетикалык өткөөлдүн кайра түзүү ролу" аталышындагы сайд-ивентте Марипов Кыргызстан жашыл энергияны өнүктүрүү, экологиялык коопсуздук жана туруктуу өсүштү илгерилетүү аркылуу туруктуу жана адилеттүү энергетикалык өткөөлдү камсыз кылуу боюнча глобалдык күн тартибин колдой турганын баса белгиледи.