Эпидемиологиялык абал. КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Ден соолук 3 март 2025 18:20
Эпидемиологиялык абал. КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 9-аптасында (24.02.25 - 2.03.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9 миң 818 учуру жана сасык тумоонун 58 учуру (и.к. 139,1) катталып, 8-жумага салыштырмалуу (и.к. 142,9) -2,6%га төмөндөдү. Ооругандардын 5,6%ы (557 учур) ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга (КРВИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Белгилей кетсек, октябрдан баштап (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 9-жумасына чейин) 2237 үлгү чогултулду, анын ичинен 469у оң чыкты, анын ичинде А тумоосу 53,3% (250 учур), В - 42,9% (201 учур), COVID-19 - 3,8% (18 учур).

Республикада COVID-19 инфекциясын жуктурган учурларга жумалык мониторинг уланууда. 2025-жылдын 9-аптасына ооруга чалдыккандар катталган жок.