Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Энергетикалык суусундуктар адамдын тамак сиңирүү, нервь системаларына терс таасирин тийгизип, урологиялык оорулардын жашарышына алып келүүдө. Бул тууралуу уролог-андролог Илияс Эратов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, энергетикалык суусундуктардын курамында кубат берүүчү таурин, кофеин элементтери, эң чоң көлөмдө кант жана адамдын организмине пайдасы жок боёк, жыт, таттуулукту берүүчү кошулмалар көп.

“Адамдын организми чарчап, эс алууну талап кылып жатканда биз ага болбой энергетикалык суусундуктарды ичип, өзүбүздүн энергиялык резервдерибизди чыгарып жатабыз. Башкача айтканда, адам эс алуунун ордуна кайра өзүнүн темпин тездетип жатат. Тездеткен учурда денедеги резервдер күчкө кирип, бүт органдар 2-3 эсе көбүрөөк иштеп башташат. Бул бардык органдарга терс таасирин берип, өнөкөт оорулар пайда болот”, - дейт Эратов.
Белгилей кетсек, дарыгер акыркы убакта урологиялык оорулардын жашарып баратканын маалымдады.
“Эркектер арасында урологиялык оорулар жашарууда. Мисалы, өнөкөт простатит оорусу, тукумсуздук маселеси менен мурда көбүнчө улуу муундун өкүлдөрү келсе, азыр 20 жаштын тегерегиндегилер эле келишүүдө. Мында биз дарыгер катары жашоо образын өзгөртүүнү кеңеш беребиз. Бул эң жөнөкөй энергетикалык суусундуктардан, чылым чегүүдөн баш тартуу, толук кандуу уктоо, тамактануу сыяктуу көндүмдөр”,- деди ал.
Ошондой эле дарыгердин айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун урология боюнча маалыматына ылайык, акыркы 10-20 жылда эркектердин уругунун сапаты бир топ эсе төмөн болуп калган. Бирок, ошол төмөнкү көрсөткүчтү да азыр бизде дарыгерлер норма катары эсептеп жатышканын кошумчалады.