Энергетика тутумундагы бузулуунун себептери иликтенет – министрлик

Коом 134 17 Август 2026 13:25
776291442_1418707656770380_4844597156865047616_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын 14-августунда саат 15:37де болгон технологиялык бузулуудан кийин Кыргызстандын энергетикалык тутуму Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунан бөлүнүп, өз алдынча иштөө режимине өткөн.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, энергетикалык тутумдун иштөө режимин турукташтыруу боюнча зарыл болгон ыкчам чаралар көрүлүп, кыска убакыттын ичинде, саат 15:55те тутумдагы жыштыкты нормалдуу көрсөткүчкө – 50 Гцке чейин калыбына келтирилип, жыштыкты жөнгө салуу камсыз кылынган.

"Ошол эле учурда Кыргызстандын энергетикалык тутуму коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт көлөмүндө кубаттуулук берүү менен жардам көрсөткөн. Алматы энергетикалык түйүнүнүн өчүшү БАБЭТтеги жыштык номиналдык көрсөткүчкө жеткенден кийин болгон. Ошол эле учурда технологиялык бузулуунун жагдайларын тактоо учурунда Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска мөөнөткө өчүрүлгөнү аныкталган. Бул параллелдүү иштеп жаткан Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы баштапкы бузулуу болуп, кубаттуулук агымдарынын өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген", - деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар, бул баштапкы бузулууну башка мамлекеттердеги айрым энергетикалык тутумдардын жана түйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби менен теңештирүүгө болбойт.

Белгиленгендей, мындай кырдаалдарда энергетикалык тутумдар тең салмактуулук калыбына келтирилгенге чейин изоляцияланган режимде, анын ичинде төмөндөтүлгөн жыштык шартында да туруктуу иштөөнү камсыз кылат. Ошондуктан Борбор Азиянын башка мамлекеттериндеги энергетикалык түйүндөрдүн өчүшү боюнча ошол мамлекеттердин энергетикалык тутумдарында андан кийинки этапта жүргөн процесстерге өзүнчө талдоо жүргүзүү зарыл.

"Биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес. Технологиялык бузулуунун себептери атайын комиссия тарабынан иликтенет", - деп белгилешти Энергетика министрлигинен.