Энергетика экономиканын өсүшүнөн бир кадам алдыда турушу керек – адис

Коом 21 Август 2026 17:35
5fb402e902e8bd7b5b2c3730_7wSkIqL.width-800.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Энергетика тармагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү менен тыгыз байланышта. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов “Кабар“ агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бирок энергетика тармагы өлкө экономикасын алдыга жылдырууда өзү бир-эки кадам алдыда болушу керек.

“Мисалы, жаңы өндүрүш ишканаларынын ишке кириши электр энергиясына болгон талапты жогорулатат. Жылына 100 өндүрүштүк ишкана ишке кирип жатат. Ошолорду электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн биз андан алдыда болуп, генерациябыз жетиштүү болушу керек. Ошол ишканаларга чубалгыларды тартып, электр энергиясын жеткирип беришибиз зарыл. Булардын бардыгы бири-бири менен байланыштуу процесс”, - деди Исмаилов.

Ал энергетика тармагын күчтөндүрүү максатында эскирген жабдуулар алмаштырылып, жаңы долбоорлор ишке ашырылуу менен көмөк чордондор курулуп жатканын айтты.

“Биздин энергетикалык абалыбыз начар деген пикирге мен кошула албайм. Бизде энергетиканын өнүгүүсү токтоп калган жок. Аздан болсо да өнүгүп жатат”, - деди ал.

Исмаилов энергетика тармагында кадр маселеси да бар экенин белгиледи. Анын пикиринде, жумуштун татаалдыгына байланыштуу айрым жаш кадрлар иштен кетип калууда.

“Жаштар кайсы жерде жумуш жеңилирек, ошол эле учурда акчасы көбүрөк болгон жерге кетишет. Биздин жумуш чынында оор. Жылдын төрт мезгилинде күндүн ысык- суугуна карабай иштөөнү талап кылат. Ошондуктан чыдабай кетип калгандар да болот”, - деди ал.

Мындан тышкары, энергетика тармагынын өнүгүүсү байланыш жана интернет сыяктуу башка тармактардын иштеши үчүн да маанилүү экенин белгилеп, жаш адистерди даярдоого көңүл буруу зарылдыгын айтты.

“Энергетика жок болсо байланыш, интернет болбойт. Ошондуктан бул тармак бир орунда турбастан, мындан да өнүгүшү керек. Бул тармакка жаш кадрларды даярдашыбыз керек”, - деди Исмаилов.