Энергетика, логистика, туризм, IT. Будапештте кыргыз-венгер бизнес-форуму өтүүдө

Экономика Загрузка... 21 Ноябрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Венгриянын Будапешт шаарында кыргыз-венгер бизнес-форумун өткөрүүдө.

Агенттиктен билдиришкендей, бул форум эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө жана ишкерлик кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Иш-чарага Кыргызстандан жана Венгриядан болжол менен 40ка жакын компания катышууда. Мындай кеңири курам чет өлкөлүк бизнес­коомчулуктун өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө карай кызыгуусун жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун айгинелейт.

Форум экономикалык кызматташууну чыңдоо, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга, ошондой эле энергетика, өнөр жай, айыл чарба, логистика, туризм, IT жана башка артыкчылыктуу тармактарга чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Electron Holding компаниясы Кыргызстанда кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу боюнча жалпы суммасы 300 млн доллардан ашык болгон кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Программада B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өзгөчө орунду ээлейт. Бул жолугушуулар бизнес менен мамлекеттик органдардын түз диалог жүргүзүүсүнө, конкреттүү долбоорлорду талкуулоого жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзөт.

Форумдун Будапештте өткөрүлүшү Кыргызстандын эл аралык экономикалык байланышын өркүндөтүүгө салым кошкон маанилүү кадам болуп, өлкөнүн инновацияларга, инвестицияларга жана биргелешкен өнүгүүгө ачыктыгын көрсөтөт.