Энергетика министрлигинде күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

Коом 23 июль 2026 10:10
753241804_932034829915497_5928717917717503691_n (1).jpg
753034919_1749402272738308_2012728481570733885_n.jpg
754536146_1266193958794106_5699856449577763997_n.jpg
754068636_2353035058433579_8206465852860146252_n.jpg
750906572_1544357590654851_8978666051080972113_n.jpg
Алдыга
Артка
753241804_932034829915497_5928717917717503691_n (1).jpg
753034919_1749402272738308_2012728481570733885_n.jpg
754536146_1266193958794106_5699856449577763997_n.jpg
754068636_2353035058433579_8206465852860146252_n.jpg
750906572_1544357590654851_8978666051080972113_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Күн мурун Энергетика министрлигинде өлкөнүн энергетикалык комплексин 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даярдоо боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйын энергетика министри Алтынбек Рысбековдун төрагалыгы алдында өтүп, ага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле республиканын бардык аймактарындагы энергетикалык компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо, оңдоо иштеринин жүрүшү, электр тармактарынын, көмөк чордондордун жана жабдуулардын даярдыгы, ыкчам оңдоо-калыбына келтирүү кызматтарынын ишке даярдыгы, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү энергетика тармагынын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Ал бардык пландалган оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, энергетикалык объектилердин даярдыгын көзөмөлдөөнү күчөтүү, ыкчам бригадаларынын даярдыгын жана керектүү материалдык-техникалык корлордун болушун камсыз кылуу боюнча тиешелүү энергокомпанияларга тапшырмаларды берди.

Ошондой эле аймактардагы даярдык иштеринин аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана белгиленген иш-чаралардын сапаттуу аткарылышы белгиленди.

Энергетика министрлиги алдыдагы 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ишенимдүү өткөрүү, энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү багытында системалуу иштерди улантууда.